Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVIII чакырылышындагы
VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМУ №08
« 22» ноябрь 2021-жыл Достук айылы
Достук айыл аймагынын 2020-жылдан 2021-жылга калган
акча каражатын пайдалануу жонундо
Достук айыл аймагынын 2021-жылдын жыл башында калган акча каражатынын сметасын бекитүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Сейдилдаев Максатбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVIII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы токтом кылат:
- 2021- жылга бюджеттик эсебине жыл башында калган калдыктан госрегистрге,E кызматына микротик алууга, күйүүчү майга,административдик имараттын капиталдык ремонтунда сметада көрсөтүлбөй калган 70,0 квт метр полун полдоого( ламинант),”Чыгыш Электр” Ачык Акционердик коомунун филиалынан административдик имараттын техникалык шарттарына жана эмерек сатып алууга жалпы суммасы 235,800 (эки жүз отуз беш мин сегиз жуз )сомго сметасы бекитилсин.
- Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктын сметасын киргизип берүү жагы КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын башчысы М.Сейдилдаевге жана айыл аймагынын финансы бөлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Тѳрайым Б.Осмонова