Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы III кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ №27

shapka-toktom2

Достук  айыл  аймагынын  айылдык  Кенешинин XVII                  чакырылышындагы III кезексиз  сессиясынын

 

ТОКТОМУ №27

 

      « 16 » апрель  2018-жыл                                                                Достук айылы

      Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы

              I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3,4 бөлүмүнө 

өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2018-жылынын 5-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №80 токтомуна ылайык токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2018-жылынын 5-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципиалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №80 токтому жетекчиликке жана аткарууга алынсын

 

  1. 2018-жылдын 19-январындагы Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын №20 токтомундагы 3, 4 бөлүмдөрүнө төмөдөгүдөй өзгөртүү киргизилсин

 

  1. Достук айыл өкмөтүндө берилүүчү төмөндөгү маалымкаттар акысыз берилсин:

-жашаган жеринен маалымкат берүү

-үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү

-бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү

-майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү

 

4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.

 

5.Бул токтомду аткаруу жагы Достук айылынын жооптуу катчысы А.Байбековага милдеттендирилсин

 

6.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы  Достук айылдык Кенешине жүктөлсүн,

 

 

 

Төрага                                                                                                      К.ϴмүрканов

Добавить комментарий