Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХVII чакырылышындагы
IX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 42
7.12. 2018-жыл Достук айылы
Достук айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын жана комиссиясы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Достук айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын жана комиссиялар тууралуу жобону бекитүү максатында Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХVII чакырылышындагы IX сессиясы токтом кылат:
- Достук айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй түзүлүп, бекитилсин:
— Садырбеков Курманбек Карыялар кенешинин төрагасы- комиссиянын төрагасы,
— Тилекматов Жалынбек айылдык кенештин депутаты-төраганын орун басары
— Канатбек к К Достук айыл өкмөтүнүн соц.адиси, комиссиянын катчысы
— Туркменов Каниет Достук айыл аймагынын мал чарба адиси, комиссиянын
мүчөсү
— Акматов Тоту жамааттын өкүлү-комиссиянын мүчөсү
— Жумалиева Рая аксакалдар сотунун төрайымы, комиссиянын мүчөсү
— Мендибаев Адил жаштар уюмунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү
- Достук айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет)
- Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.ϴмүрканов
Достук айылдык Кенешинин
депутаттарынын
XVII чакырылыштагы
IX сессиясынын 10-декабрь
2018-жылдагы №42 токтому
менен бекитилген
Достук айыл аймагынын бузуулар жɵнγндɵ иштерди кароо боюнча
комиссиясы тууралуу
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
- Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жɵнγндɵ кодексинде (мындан ары-Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ɵз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жɵнγндɵ иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары-Комиссия) тγзγγнγн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
- Комиссия жергиликтγγ кещеш тарабынан тγзγлɵт жана туруктуу иштɵɵчγ коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
- Комиссия жɵнγндɵ Жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтγγ кенештин чечими менен бекитилет.
- Комиссия ɵз ишмердγγлγгγнɵ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жɵнγндɵ кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
- Комиссия кодексте каралган бузуулар жɵнγндɵ иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
- Комиссия жергиликтγγ кенештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес, ɵткɵн календарлык жылда аткарган ɵз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтγγ кенешке киргизет.
7 . Комиссиянын ишмердγγлγгγн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтγγ бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жγргγзγлɵт.
- Комиссияны тγзγγнγн жана анын ишмердγγлγгγн токтотуунун тартиби
8.Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын тɵрагасынан, тɵрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мγчɵлɵрγнγн курамында тγзγлɵт.
9.Жергиликтγγ кенеш тарабынан бекитилγγчγ Комиссиянын курамына тɵмɵндɵгγлɵр киришет:
-жергиликтγγ кенештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
— айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтγγ жамааттын ɵкγлдɵрγ (макулдашуу боюнча)
- Комиссиянын тɵрагасы комиссиянын мγчɵлрγнγн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы айыл ɵкмɵтγнγн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мγчɵлɵрγнγн ичинен дайындалат.
Жарандык коомдун жана жергиликтγγ жамааттын ɵкγлдɵрγнγн 21 жашка толгон, атайын орто жана жогорку билимдγγ Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мγчɵсγ боло алат.
- Жарандык коомдун жана жергиликтγγ жамааттын ɵкγлдɵрγнγн:
— соттун чечими менен аракетке жɵндɵмсγз же аракетке жɵндɵмдγγлγгγ чектелген деп табылган;
— соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;
— акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
— медициналык кортундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мγчɵсγнγн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мγчɵсγ боло албайт.
- Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктар жергиликтγγ кенеш Комиссиянын тγзγγ жɵнγндɵ чечим кабыл алган кγндɵн тартып башталат жана Комиссиянын жаны курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
- Комиссиянын мγчɵлɵрγнγн ыйгарым укуктары ошондой эле:
— жарандык коомдун жана жергиликтγγ жамаатын ɵкγлγ болуп эсептелген Комиссиянын мγчɵсγ ɵз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жγзγндɵ арыз берген учурда;
-Комиссиянын мγчɵсγ муниципалдык кызматын токтоткондо;
-Комиссиянын мγчɵсγнɵ карата соттун айыптоочу ɵкγмγ кγчγнɵ киргенде;
— кγчγнɵ кирген соттун чечими менен Комиссиянын мγчɵсγ болуп эсептелген адам аракетке жɵндɵмсγз же аракетке жɵндɵмдγγлγгγ чектелген, дайынсыз жок болгон же ɵлгɵн деп табылганда;
-медициналык кортундуга ылайык Комиссиянын мγчɵсγнγн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
— Комиссиянын мγчɵсγ болуп эсептелген адам Комиссиянын мγчɵсγнγн намысын жана кадыр-баркын кетирγγчγ жосун жасаган учурда;
— Комиссиянын мγчɵсγ ɵлгɵндɵ;
— Комиссиянын мγчɵсγ Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо γчγн чыгып кеткенде;
— Комиссиянын мγчɵсγ Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
— жергиликтγγ Кещештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мɵɵнɵтγ аяктаганда;
— жарандык коом жана жергиликтγγ жамаат тарабынан ɵз ɵкγлγн кайра чакырып алганда токтотулат.
- Комиссиянын жаны мγчɵсγ Комиссиянын мурдагы мγчɵсγнγн ыйгарым укуктарын токтотуу жɵнγндɵ чечим кабыл алынгандан 15 календардык кγндɵн кеч эмес бекитилет.
- Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия ɵз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтγγ кенештин чечими менен токтотулушу мγмкγн.
- Комиссиянын жаны курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык кγндɵн кеч эмес тγзγлɵт.
- Комиссиянын ишинин тартиби
- Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
- Комиссия бузуулар жɵнγндɵ иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын тγшγшγнɵ карата) ɵткɵрγлɵт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдγγлγгγ бузуулар жɵнγндɵ иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мɵɵнɵттɵрγн сактоо камсыз кылынгыдай болууга тийиш.
19.Эгерде Комиссиянын жалпы мγчɵлɵрγнγн γчтɵн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
- Эгерде Комиссиянын жалпы мγчɵлɵрγнγн жарымынан кɵбγ добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
- Бузуулар жɵнγндɵ ишти Комиссия иштин материалдары келип тγшкɵндɵн баштап он кγндγк мɵɵнɵттɵ, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
- Айыл ɵкмɵт башчылары ɵз чечимдери менен бузуулар жɵнγндɵ протокол тγзγγ боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
- Комиссия чечимди аныктама же токтом тγрγндɵ чыгарат.
- Комиссия, бузуу жɵнγндɵ ишти карап чыгып:
А) тɵмɵндɵгγ токтомдордун бирин чыгарат.
1) жаза чарасын колдонуу жɵнγндɵ;
2) туумду кошуп эсептɵɵ жɵнγндɵ (Кодекстин 29-беренеси);
3) иш боюнча ɵндγрγштγ кыскартуу жɵнγндɵ.
Б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча ɵткɵрγγ жɵнγндɵ аныктама чыгарат.
- Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жɵнγндɵ токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тапртипте жγзɵгɵ ашырылат.
- Комиссиянын мγчɵлɵрγнγн укутары жана милдеттери
- Комиссиянын ишмердγγлγгγн Комиссиянын тɵрагасы уюштурат.
- Бузуу жɵнγндɵ иштерди кароодо Комиссиянын мγчɵлɵрγ бирдей укукка ээ.
- Комиссиянын мγчɵлɵрγ:
Тɵмɵндɵгγлɵргɵ милдеттγγ:
— Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жɵнγндɵ иштер жана материалдар менен таанышууга;
-бузуу жɵнγндɵ иштер боюнча иликтɵɵ жана далилдерге баа берγγгɵ катышууга;
— Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берγγгɵ катышууга;
— жγрγм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколдоруна кол коюуга.
Тɵмɵндɵгγлɵргɵ укуктуу:
— бузуу жɵнγндɵ иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берγγгɵ;
— бузуу жɵнγндɵ иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирγγгɵ;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
- Комиссиянын тɵрагасы, Комиссиянын мγчɵсγнγн милдеттеринен сырткары, тɵмɵндɵгγлɵргɵ милдеттγγ:
— Комиссиянын ишмердγγлγгγн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектɵɵ;
— Комиссиянын отурумдарына тɵрагалык кылуу;
— Комиссиянын отурумунун кγн тартибин бекитγγ;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
— Комиссиянын ишмердγγлγгγнɵ кɵзɵмɵл жγргγзγγ.
Комиссиянын тɵрагасы, Комиссиянын мγчɵсγнγн укуктарынан сырткары, тɵмɵндɵгγдɵй укуктарга ээ:
— ɵз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним аракеттерди жасоого, Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирγγгɵ;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берγγгɵ;
— ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
- Комиссиянын тɵрагасынын орун басары Комиссиянын мγчɵсγнγн милдеттеринен сырткары тɵмɵндɵгγдɵй укуктарга, милдеттерге ээ:
— бузуулар жɵнγндɵ иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;
— Комиссиянын тɵрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын тɵрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
— ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
- Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мγчɵсγнγн милдеттерин аткаруудан сырткары тɵмɵндɵгγдɵй милдеттерди аткарат:
— бузуулар жɵнγндɵ иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
— ɵз ишмердγγлγгγн Комиссиянын тɵрагасынын жетекчилиги астында ишке ашырат;
— Комиссиянын тɵрагасынын тапшырмаларын аткарат;
— келип тγшкɵн материалдарды, билдирγγлɵрдγ жана арыздарды ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин кɵрсɵткɵн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
— бузуулар жɵнγндɵ протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамалдарды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздɵɵнγ камсыз кылат;
— Комиссиянын мγчɵлɵрγн бузуулар жɵнγндɵ ɵндγрγшкɵ катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
— Комиссиянын отурумдарынын протоколун жγргγзɵт жана тариздейт, аларга кол коет;
— Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет.
— аныктамалардын жана токтомдордун кɵчγрмɵлɵрγн тиешелγγ адамдарга белгиленген мɵɵнɵттɵрдɵ тапшырууну же жɵнɵттγγнγ камсыз кылат;
— Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына кɵзɵмɵл жγргγзɵт;
— Комиссиянын иш кагаздарын жγргγзγлγшγн жана сакталышын камсыз кылат;
— бузуулар жɵнγндɵ иштерди кароонун тажыйрбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердγγлγгγн жɵнгɵ салуучу ченемдик укуктук актыларды ɵркγндɵтγγ боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жγргγзɵт;
-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын тɵрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мγчɵлɵрγнγн бири аткарып турат.
- Эгерде Комиссиянын мγчɵлɵрγ:
— бузуу γчγн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу ɵкγлдɵрγнγн, коргоочусунун, ɵкγлγнγн, адвокатынын, ошондой эле кγбɵсγнγн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;
— иштин чечилишине тике же кыйыр тγрдɵ кызыкдар болушса,
Алардын бузуулар жɵнγндɵ иштерди кароого катышууга акысы жок.
- Комиссиянын иш кагаздарын жγргγзγγ
- Иш кагаздарын жγргγзγγгɵ жалпы жетекчилик Комиссиянын тɵрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы γчγн жоопкерчилик тартат.
- Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын ɵз убагында жана анык так киргизилиши γчγн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
- Бузуулар жɵнγндɵ иш ɵндγрγшγнγн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жɵнɵтγγ Комиссиянын катчысы тарабынан жγргγзγлɵт.
- Бузуулар жɵнγндɵ иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки кγндɵн кеч эмес жиберилиши керек.
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын тɵрагасына билдирγγгɵ, анын кɵрсɵтмɵсγ боюнча кабарламанын ɵз убагында тапшырылышы камсыз кылуучу чараларды кɵрγγгɵ милеттγγ.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бɵлγгγ ишке тиркелет.
- Бузуу жасалган жерде айып пул ɵндγргɵн учурда айып пулду тɵлɵɵ банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жγргγзγлɵт, ал эми тɵлɵɵнγн мындай формасы мγмкγн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу γчγн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган γлгγдɵгγ, атайын финансылык отчеттуулуктун документи болуп эсептелγγчγ жана эки нускада тγзγлγγчγ айып пул дγмγрчɵгγн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып, жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу тɵлɵɵгɵ макулдугун
билдирип айып пул дγмγрчɵгγнγн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
- Комиссиянын катчысы бузуулар жɵнγндɵ иштерди тγзγγнγ, аларды тɵмɵндɵгγдɵй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигγγнγ камсыздайт:
— бузуулар жɵнγндɵ протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
— отурумдун процессинде ишке кошулган, келип тγшкɵн ирээтинде жайгаштырылган бардык документтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
— ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документер кɵктɵмгɵ алардын тексти кɵрγнγп тургандай болуп кɵктɵлɵт.
- Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номерин жана келип тγшкɵн жылды камтыйт.
- Бузуулар жɵнγндɵ протокол тγзγγчγ кызмат адамдары бузуулар жɵнγндɵ каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
- Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган пулдардын келип тγшγшγн казначылыктын райондук бɵлγмγ менен салыштырып текшерип турат.
- Комиссия тɵмɵндɵгγдɵй эсеп журналдарын жγргγзɵ алат:
— бузуулар жɵнγндɵ иштерди эсепке алуу журналы;
— айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
— бузууну жасоо γчγн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы
- Журналдардын барактары номерленген, кɵктɵлгɵн, мɵɵр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналдагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кɵк же сыя кɵк тγстɵгγ сыя(паста) менен жазылат.
- Журналдын сактоо мɵɵнɵтγ 3 жыл. Бузуулар жɵнγндɵ иштерди сактоо мɵɵнɵтγ 5 жыл. Кɵрсɵтγлгɵн мɵɵнɵт аяктаганда алар тизме боюнча архивге тапшырылат.
45. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын тɵрагасынын уруксаатысыз берилбейт.