Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясынын Т О К Т О М У № 01

Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХVII чакырылышындагы

I кезектеги сессиясынын

 

                                                             Т О К Т О М У № 01

 

«23»_январь    2019 -жыл                                                                    Достук  айылы

 

Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын

бюджетинин аткарылышы 2019-жылга бюджетин жана атайын каражаттын  киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү тууралуу

 

Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы  жана2019-жылга киреше жана  чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.С Сейдилдаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Достук айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.
  2. Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү бюджеттик каражаттар 4429,8 миң сом көлөмүндө,атайын каражаттар 180,0 миң сом жалпы  баары 4609,8 мин сом көлөмүндө бекитилсин.
  3. Бюджеттин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

 

— бирдиктүү киреше салыгы 2976,0 миң сом;

—  патент 27,0 мин сом;

—  мүлк салыгы 34,3 миң сом;

—  транспорт салыгы   103,0 миң сом;

—  короо алдындагы жер салыгы 2,2 миң сом;

—  айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 275,0 миң сом;

—  сатуудан алынуучу салык 642,2миң сом;

—  тазалык жыйым 23,5 миң сом;

—  теңдештирилген грант 346,6 миң сом.Бардыгы 4429,8 миң сом.

-атайын каражат 180,0 мин сом

 

4.Бюжеттин чыгаша  бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин

—  Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги негизги кызматкерлер 8 штат,кичи персонал 2 штат ,эмгек акысы  1891,8 миң сом,социалдык фондго болгон төлөмү 279,9 миң сом болуп бекитилсин.

— Маданият кызаткерлеринин штаттык бирдиги3  штат,эмгек акысы 189,3 миң сом,социалдык фондго болгон төлөмү 32,7 миң сом болуп бекитилсин.

— Күйүүчү май үчүн 98,6  миң сом;

 

 

— Башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн 988,6 миң сом ;

-маданият тармагына башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн 97,0 мин сом;

— бала бакчанын тамак-ашына 127,0 миң сом;

— бала бакчанын башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн 7,0 мин сом;

— орто мектептин башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн 53,0 мин сом;

— электр энергиясын төлөөгө баардыгы  664,9  миң сом.

-атайын каражатка 180,0 мин сом.Бардыгы 4609,8 миң сом.

  1. Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга кирешелер боюнча болжол 4963,0 миң сом көлөмүндө,2021-жылга  5649,0 миң сом   көлөмүндө бекитилсин.
  2. Киреше бөлүгүнө бекитилген сатуудан түшүүчү салык 642,2 миң сомго айыл чарбасына арналбаган жер салыгынан 155,0 миң сомго көп коюлуп калгандыктан кошумча республикалык каражаттан 797,2 миң  сом, суралсын.

 

7.Атайын каражатка ата-энелерден тамак-ашка түшүүчү спонсордук жардам киреше жана чыгаша бөлүгү 180,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

8.Тиешелуу документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Казыбек к Анарага,кирешелердин тγрлөрγ боюнча планды аткаруу салык адис Жээнбек к Изатка жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                         К.Өмγрканов

Комментирование запрещено