Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы I кезектеги сессиясы ТОКТОМУ № 01

Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин   XVII  чакырылышындагы I кезектеги  сессиясы

 ТОКТОМУ № 01

       «  31  »   январь  2020-жыл                                                   Достук айылы

          Достук  айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы 2020-жылга бюджеттин, атайын каражаттын киреше жана чыгаша бɵлүгүн  2021-2022-жылдарга  долбоорун бекитүү тууралуу.

 

Достук  айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы 2020-жылга бюджеттин, атайын каражаттын киреше жана чыгаша бɵлүгүн  2021-2022-жылдарга  долбоорун бекитүү боюнча Достук  айыл ɵкмɵтүнүн  башчысы М.Сейдилдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айылдык кенешинин   сессиясы токтом кылат:

 

  1. 2019- жылдын бюджетинин аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.

 

 

  1. Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлүгү бюджеттик каражаттар 4558,0 мин сом кɵлɵмүндɵ, атайын каражаттар 180,0 мин сом жалпы 4738,0 мин сом кɵлɵмүндɵ бекитилсин.

 

  1. Бюджеттин киреше бөлүгү төмөндөгүдүөй болуп бекитилсин.

-бирдиктүү киреше салыгы  3125,0 мин сом

-патент 35,0 мин сом

-мүлк салыгы 61,8 мин сом

-транспорт салыгы 103,8 мин сом

-короо алдындагы жер салыгы 12,0 мин сом

-айыл чарбасында эмес жер салыгы 166,0 мин сом

-тазалык жыйым 23,5 мин сом

-тендештирилген грант 1030,9 мин сом.Бардыгы 4558,0 мин сом

-атайын каражат 180,0 мин сом

 

  1. Бюджеттин чыгаша бɵлүгү тɵмɵндɵгүдɵй болуп бекитилсин:

Башкаруу аппаратына 3052,8 мин сомго

Маданиятка бɵлүмүнɵ 452,1 мин сом

Билим берүү бɵлүмүнɵ 1233,1 мин сом

Башкаруу аппаратынын штаттык бирдиги негизги кызматкерлер  8 штат,кичи кызмат 2 штат

Маданият бɵлүмү  3 штат  негизги 2 кичи кызмат 1 адам.

 

5.Достук  айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн  2021-жылга болжолдуу киреше бɵлүгү 5289,5 мин сом кɵлɵмүндɵ 2022-жылга болжолдуу киреше бɵлүгү 5482,0 мин сом кɵлɵмүндɵ бекитилсин.

 

6.Атайын  каражатка ата-энелерден  тамак ашка түшүүчү спонсордук жардам киреше жана чыгаша бɵлүгү 180,0 мин сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.

 

  1. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы  айыл ɵкмɵтүнүн  финансыɵэкономикалык бɵлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага кирешелердин түрлɵрү боюнча планды аткаруу убактылуу салык адис Садырбекова Фаридага жүктɵлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                          К.Өмүрканов

Комментирование запрещено