Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы II кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 04

Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин  XVII чакырылышындагы

II кезексиз  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 04

 

« 04»  февраль   2020-жыл                                                                                    Достук айылы

 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо

комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жɵнүндɵ

           

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык, Нарын районунун Достук айыл аймагындагы №4056  участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Нарын районунун Достук айылдык Кеӊешинин депутаттарынын кезексиз отуруму токтом кылат:

 

  1. Нарын районунун Достук айыл аймагындагы № 4056 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин жаӊыртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келиптүшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар № 4056 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын. (курамы тиркелет)

 

  1. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                           К. ϴмүрканов

Комментирование запрещено