Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы
II кезектеги сессиясы
ТОКТОМУ № 04
« 04 » февраль 2021-жыл Достук айылы
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы 2021-жылга бюджеттин, атайын каражаттын киреше жана чыгаша бɵлүгүн 2022-2023-жылдарга долбоорун бекитүү тууралуу
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы 2021-жылга бюджеттин, атайын каражаттын киреше жана чыгаша бɵлүгүн 2022-2023-жылдарга долбоорун бекитүү боюнча Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сейдилдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
- 2020- жылдын бюджетинин аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
- Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү бюджеттик каражаттар 4336,2 мин сом көлөмүндө,атайын каражаттар 180,0 мин сом жалпы 4516,2 мин сом көлөмүндө бекитилсин.
- Бюджеттин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-бирдиктүү киреше салыгы 3410,0 мин сом
-патент 35,0 мин сом
-мүлк салыгы 61,8 мин сом
-транспорт салыгы 103,0 мин сом
-короо алдындагы жер салыгы 5,3 мин сом
-айыл чарбасында эмес жер салыгы 175,0 мин сом
-тазалык жыйым 23,5 мин сом
-тендештирилген грант 522,6 мин сом.Бардыгы 4336,2 мин сом
-атайын каражат 180,0 мин сом
- Бюджеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Башкаруу аппаратына 2909,8 мин сомго
Маданиятка бөлүмүнө 338,6 мин сом
Билим берүү бөлүмүнө 1267,8 мин сом
Башкаруу аппаратынын штаттык бирдиги негизги кызматкерлер 8 штат,кичи кызмат 2 штат
Маданият бөлүмү 3 штат негизги 2 кичи кызмат 1 адам.
5.Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга болжолдуу киреше бөлүгү 4741,2 мин сом көлөмүндө 2023-жылга болжолдуу киреше бөлүгү 4860,0 мин сом көлөмүндө бекитилсин.
6.Атайын каражатка ата-энелерден тамак ашка түшүүчү спонсордук жардам киреше жана чыгаша бөлүгү180,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага кирешелердин түрлөрү боюнча планды аткаруу салык адиси Садырбекова Фаридага жүктөлсүн.
Төрага К.Өмүрканов