Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы
IX кезексиз сессиясы
ТОКТОМУ №11
« 18» ноябрь 2020-жыл Достук айылы
Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттон ɵткɵрүү долбоору тууралуу.
Достук айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2021-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы айтылган сунуш пикирлерди эске алып, токтом кылат.
- Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 1 517 980 (бир миллион беш жүз он жети миң тогуз жүз сексен) сомду түзгөн Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 531 293 (Беш жүз отуз бир миң эки жүз токсон үч) сом акча каражаты 2021-жылдын бюджетинен артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сейдилдаевге милдеттендирилсин.
Төрага К.Өмүрканов