Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы VII кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 09

Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин  XVII чакырылышындагы

VII кезексиз  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 09

«  17 »  июль  2020-жыл                                                                                       Достук айылы

Жеке менчикке үй салганга жер участогун сурап арыз менен кайрылгандардын арыздарын кароо жɵнүндɵ

    Достук айылындагы жашоочулардын жеке менчикке үй салууга жер бɵлүп берүү жɵнүндɵ жазган арыздарынын негизинде  Достук  айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII  чакырылышындагы VII кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. Жеке менчикке үй салууга берилүүчү жер участогунун жалпы аянты 800 чарчы метр (8сотых) Нарын райондук сотунун 30-апрель 2020-жылы чыгарылган Иш№ГД- 92/19.45 чечиминин негизинде жер участоктору тɵмɵндɵгү код аркылуу 0158,0177,0023,0156,0170,0140,0022 бɵлүнүп берилсин.

 

  1. Жеке менчикке үй салуучуларга райондук архитектура тарабынан иштелип чыккан проектинин негизинде сейсмикалык зонанын талаптарын катуу сактоо менен там салууга милдеттендирилсин.

 

  1. Буйруктун негизинде берилген жер аянттын ордунан ченеп, тиешелүү укук күбɵлɵндүрүүчү документин даярдап, мамлекеттик каттоодон ɵткɵрүп берүү жагы Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккɵ укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.

 

  1. Буйруктун аткарылышы Достук айыл ɵкмɵтүнүн жер адиси Түркменов Каниетке милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагын ɵзүмɵ калтырам.

  

   Төрага                                                                                                  К. ϴмүрканов

Комментирование запрещено