Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы XХ кезексиз сессиясы ТОКТОМУ № 12

Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин   XVII  чакырылышындагы  

 XХ кезексиз   сессиясы

 ТОКТОМУ № 12

       «  18  »  декабрь 2020-жыл                                                                Достук айылы

                          Достук  айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн сметада каралган акча каражаты тууралуу

     Достук айыл аймагынын сметада  каралган  акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо жɵнүндɵ Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы айтылган сунуш пикирлерди эске алып, токтом кылат:

 

  1. Достук айыл аймагынын сметада ɵздүк салымга каралган  акча каражатынан Достук айылынын сейил багына күйгɵн жүрɵк менен кошо жазылган, балдар ойноочу жерине “Менин Достугум” аттуу жазуусун орнотууга акча каражаты бɵлүнүп берилсин.

 

  1. “Менин Достугум” аттуу жазуусуна жергиликтүү бюджеттен 30 000 ( отуз мин ) сом акча каражаты 2020-жылдын бюджетинен бɵлүнүп, тиешелүү кагаздарын жана  счет фактурасын бүтүрүү жагы  Достук айыл ɵкмɵтүнүн бɵлүм башчысы Казыбек кызы Анарага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Достук айыл ɵкмɵтүнүн башчысы М.Сейдилдаевге жана финансы бɵлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.

Тɵрага                                                                                         К.ϴмүрканов

Комментирование запрещено