Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы
I кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 02
« __14__ » январь 2021-жыл Достук айылы
Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигине ɵзгɵртүү киргизүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтүнүн “Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органына кээ бир мамлекеттик ыйгарым укутарды ɵткɵрүп берүүнүн жоболору тууралуу” 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №715 токтомдорунун негизинде Достук айыл ɵкмɵтүнɵ экономист-статист кызматын киргизүү тууралуу айыл аймагынын башчысы М.С.Сейдилдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы I кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Достук айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн штаттык бирдигине ɵзгɵртүү киргизилип,башкы адис экономист-статист штаты бекитилсин.
- Керектүү акча каражатын бɵлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинен жана Улуттук статистика комитетинен суралсын.
- Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы айыл аймагынын башчысы М.Сейдилдаевге жана финансы-экономика бɵлүмүнүн башчысы А.Казыбек кызына милдеттендирилсин.
Төрага К. ϴмүрканов